Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик жыйынынын төрагасы, "Дүйнө элдеринин эпостору" эл аралык ассоциациясынын вице-президенти Александр Жирковду кабыл алып, ага «Даңк» медалын тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Александр Жирковго «Манас» эпосун, ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана башка кыргыз авторлорунун чыгармаларын кеңири жайылтуу ишине, мамлекеттик ишмер Максим Аммосовдун ысмын түбөлүккө калтырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев жана Саха Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулап, эки тараптуу байланыштарды активдештирүүдө жана тереңдетүүдө биргелешкен ишти улантуунун маанисин баса белгилешти. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. (ZMa)