Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Үй-бүлөлөр ортосунда таймаш өттү


Жаштардын жакшылык жасоо апталыгынын алкагында FLEX программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусу менен Health Invest ("Ден соолукка инвестицияла") аттуу кулинардык-спорттук эстафета өттү.

Ага атасынан, апасынан жана баласынан турган он үй-бүлөлүк команда катышты.

Долбоордун координаторлору Алтынай Мэлисова менен Жибек Камалбек кызынын айтымында, эстафета окуучуларды жана алардын ата-энесин дене тарбияга, туура тамактанууга жана сергек жашоого үндөп, үй-бүлө баалуулуктарын арттыруу максатын көздөгөн.

Таймаштын жүрүшүндө командалар спорттук беттешүүлөргө катышып, тамак жасоодо өнөрлөрүн көрсөтүштү.

17-апрелде башталган Жаштардын жакшылык жасоо апталыгы бүгүн жыйынтыкталды. Бул апталык дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрүндө белгиленди. (ZMa)

XS
SM
MD
LG