Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Казакстанда ташкын суудан улам 500дөн ашык киши чыгарылды


Карагандада суу алдында калган үйлөр
Карагандада суу алдында калган үйлөр

Өткөн сутканын ичинде 545 киши эвакуацияланганын Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети маалымдады.

Акмола облусунда жазгы селдин айынан төрт калктуу конуштагы 40 үй суунун алдында калды.

Бардык жерлерде турак үйлөрдүн тегерегин жана жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө. Алты облуста талкаланган 140 жолдун 63ү калыбына келтирилди.

Расмий маалыматтар боюнча, суунун деңгээли азайып, Караганда, Чыгыш Казакстандагы айрым айылдарда жергиликтүү тургундар үйлөрүнө кайта баштады.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматы боюнча, 23-марттан бери Казакстанда 16 миңден ашуун киши коопсуз жерлерге эвакуацияланган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG