Президенттер Хасcан Роухани менен Ашраф Гани коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты, анын ичинде “Ислам мамлекети” тобунун коркунучтарына каршы ыктымал аскерий операцияларды бирге жүргүзүүнү убада кылышты.
Алар мындай жарыяны жекшемби күнү, Тегерандагы сүйлөшүүлөрдөн кийин жасашты.
Мунун алдында ишемби күнү Ооганстандын Жалалабад шаарында жанкечтилердин чабуулунан кеминде 33 адамдын өмүрү кыйылып, 100дөй киши жаракат алган эле.
Ооган президенти Гани бул бомба чабуулдар үчүн “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин айыптады.
Иранга эки күндүк иш сапар менен келген ооган президентинин айтымында, “Ислам мамлекети” тобун кызматташтыксыз, жалгыз-жарымдап жеңүү мүмкүн эмес.
Бирок президенттер Гани менен Роухани “Ислам мамлекети” тобуна каршы кандай конкреттүү чара көрүшөрүн ачыкташкан жок.
Иран медиасы кабарлагандай, Тегерандагы сүйлөшүүлөрдө наркосоодага каршы аракеттер, Ирандагы ооган качкындарынын абалы да талкууланды. (UE)