Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нариман Түлеевдин мүлкү боюнча арыз Жогорку Соттоо каралууда. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты.
Былтыр декабрь айында Бишкек шаардык соту Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен күчөтүлгөн режимдеги абакка 11 жылга кескен. Экс-депутаттын адвокаттары шаардык соттун бул чечимине макул болбой, Жогорку Сотко кайрылган.
Нариман Түлеевге ал Бишкек мэри болуп турганда 2012-жылы августта Кытайдан автобус жана таштанды тазалоочу техника сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген айып тагылган. Түлеев менен кошо айыпталган мэриянын беш кызматкери 5, 10 жана 13 жылга чейин эркинен ажыратылган. (BkA)