Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Тогуз коргоол боюнча дүйнө чемпиондугу аяктады


Тогуз коргоол боюнча дүйнө чемпиондугунун катышуучулары. 14-апрель, 2015-ж. Алматы.
Тогуз коргоол боюнча дүйнө чемпиондугунун катышуучулары. 14-апрель, 2015-ж. Алматы.

Казакстанда өткөн тогуз коргоол боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргызстандыктар эки күмүш жана үч коло байгенин ээси болушту. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынын өкүлү Нурпери Садырбекованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда дүйнө чемпиондугу 13-апрелден 17-апрелге чейин Алматы шаарында өтүп, ага 23 мамлекеттен 50дөн ашуун оюнчу катышты. Кыргызстандын намысын бул мелдеште 9 оюнчу коргоду. Тогуз коргоолдун классикалык, блиц жана рапид түрлөрү боюнча 6 топтом медаль ойнотулган.

Анарбек Жамакеев тогуз коргоолдун классикалык түрүнөн (ар бир оюнчу 90 мүнөттөн ойнойт) коло, рапид ( ар бир оюнчу 25 мүнөттөн ойнойт) түрүнөн күмүш, Аида Керимбекова классикалык түрүнөн күмүш медаль тагынды. Блиц (ар бир оюнчу 7 мүнөттөн ойнойт) түрүнөн Айтурган Максатбек кызы жана рапид түрүнөн Мадина Курманбекова коло байгенин ээси болушту.

Бул мелдештин көпчүлүк байгелерин казакстандык оюнчулар утуп алышты.

Тогуз коргоол боюнча дүйнө чемпиондугу быйыл үчүнчү жолу өткөрүлдү. Мелдешти Дүйнөлүк Тогуз кумалак федерациясы уюштурган. (ECh).

XS
SM
MD
LG