Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Ошко эки күн таза суу берилбейт


Ош шаарында 22-23-апрель күндөрү таза суу токтотулат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башкы инженери Ормош Осмонов билдирди. Анын айтымында шаарга таза суу берүүнү эки күнгө токтотуу жылда болуп туруучу пландуу тазалоо иштерине байланыштуу. Анткени Ош шаарына таза суу Ак-Буура дарыясынын башындагы ачык бассейнден алынат. Нөшөрдөн пайда болуучу селден улам жыл сайын жаз жана күз мезгилдеринде суу кампаларды тазалоо үчүн шаарга таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Осмонов шаар тургундарын эки күнгө жетерлик сууну камдап алууга чакырды.

Ошто суу тартыштыгын жоюу үчүн 6 миң куб метрлик эки суу кампа курулуп жатат. Ал 2016-жылга чейин бүткөрүлөөрү пландалган.

Учурда Ош шаарында 206 миң таза суу колдонуучу бар. (YI)

XS
SM
MD
LG