Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

"Ак илбирс” кино сыйлыгына тандоо жүрүүдө


Бүгүнтөн баштап кыргызстандык режиссерлордун арасында жыл сайын тапшырылчу улуттук “Ак илбирс” кино сыйлыгына келип түшкөн тасмаларды тандоо комиссиясы иштей баштады. Сынак үчүн тасма кабыл алуу 15-апрелде токтотулган.

Аталган кино сыйлыкты уюштуруучулардын айтымында, 25-26-апрелде бул тасмалар арасынан мыктылары тандалат.

Быйылкы сынакка “Борбор Азиянын мыкты тасмасы” жана “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” деген эки номинация кошулду.

“Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгы быйыл төртүнчү ирет уюштурулуп жатат. Ал кыргыз кино өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатын көздөйт.(ZA)

XS
SM
MD
LG