Жогорку Сот бир нече берене боюнча айыпталган мурдагы прокурор Канжар Кадыралиев боюнча маселени кароону 22-апрелге жылдырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жараянды жылдыруу өтүнүчүн Кадыралиевдин адвокаты келтирген.
Буга чейин Кадыралиевдин баш коргоо чарасын 10-апрелде Бишкек шаардык соту карап, үй камагына чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Мындан соң мамлекеттик айыптоочулар шаардык соттун чечимин бузуу боюнча Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылган болчу. Соттун мындай чечимине Кадыраливден жабыркадык деп милицияга арыз жазгандар нааразылыгын билдирип чыккан.
Учурда Кадыралиев ден соолугуна байланыштуу ооруканада экени айтылууда.
Башкы прокуратура буга чейин депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Мындан кийин Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин сыртынан чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделип жаткан. 26-мартта Кадыралиев ден соолугуна байланыштуу өз эрки менен прокуратурага келген.(BkA)