Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

Жамбылдагы кырсык: 7 кишиге ылайык унаада 17 жүргүнчү бараткан


Казакстандын Жамбыл облусунда кырсыкка учураган унаага жети киши ташууга гана уруксат берилген. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү бул унаа жүк ташуучу катары жасалган. Бирок быйыл февраль айында ал жүргүнчү ташуучу унаага ыңгайлаштырылып, кайрадан каттоодон өткөн. Бирок ага жетиден көп киши ташууга тыюу салынган.

Мамкаттоодон ырасташкандай, жүк ташуучу унааны жүргүнчү ташуучу унаа катары каттоодон өткөрүүгө уруксатты Жол кайгуул кызматы берген.

19-апрелде Жамбыл облусунун аймагындагы кырсыктан 16 адам мерт кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, алардын 15и кыргызстандыктар болгон. Төрт жаран учурда ооруканада. Оштон чыккан “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобус “Газел” автоунаасы менен кагышып, толугу бойдон күйүп кеткен.

Кырсыкка учураган машинанын ичинде 19 киши бараткан. (BkA/SE)

XS
SM
MD
LG