Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:25

Дайынсыз жоголгон наристенин сөөгү кудуктан табылды


Бишкектин чекесиндеги “Эне-Сай” конушунда изделип жаткан үч жашар баланын сөөгү үйүнүн жанындагы кудуктан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, үч жашар Дияр Байдусеновду ата-энеси кечээ түштөн кийин таппай калышкан. Мындан соң милицияга арыз жазып, бөбөк социалдык тармактар аркылуу изделип жаткан. Бүгүн баланын сөөгү үйүнүн жанындагы кудуктан табылды. Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда.

Бул кырсыкка байланыштуу милиция ата-энелерди балдарын кароосуз калтырбоого чакырууда. (BkA)

 

XS
SM
MD
LG