БУУнун билдиришинче, былтыр июндан бери “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунунун согушчандары менен Ирактын батышындагы Анбар провинциясында жүрүп жаткан уруш 90 миң адамды бозгун кылган. Аябай оор абалга кабылган бозгундардын өмүрүн аларга тамак-аш, суу жана чатыр берип гана сактап калуу мүмкүн деп билдирди 19-апрелде БУУнун Ирактагы гумманитардык координатору Лиз Гранде.
Өткөн жумада жергиликтүү бийликтер провинциянын борбору Рамадини жихадчылар алганы калганын айтып, Ирак өкмөтүнөн тез аскердик жардам жөнөтүүнү суранган. 2014-жылдын январынан бери 2, 7 миллион ирактык, анын ичинде 400 миң анбарлык там-жайын таштап, качкын болуп жүрөт.