Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Тажикстан: Раштык аял мугалимдер иштен баш тарткыла деп коркуткан кат алышты


Рашт районундагы тоолордо жүргөн куралчан топтордун видеотасмасы. 11-ноябрь 2010
Рашт районундагы тоолордо жүргөн куралчан топтордун видеотасмасы. 11-ноябрь 2010

Тажикстанда белгисиз адамдар аял мугалимдерге кат жазып, "ишке чыкпагыла же өлөсүңөр" деп эскертишти. Рашт районундагы Камароб кыштагындагы мугалим аялдар ушундай кат алышканын айылдык өкмөттүн башчысы Рахматжан Салимов 20-апрелде “Азаттык” радиосуна билдирди. “Катта акыркы жолу эскертебиз. Бир ай ичинде сабак окутууну токтоткула же аягы жаман бүтөт” деп эскертилет деди Салимов.

18-апрелде белгисиз адамдар Камароб мектебине кирип, Тажикстандын эки картасын жана дубал газетасын өрттөп жиберишкен болчу.

2010-жылы Камароб кыштагында согушчандар аскердик конвойго кол салып, 20 жоокерди катардан чыгарган.

XS
SM
MD
LG