Кытай президенти Си Цзинпин жана Пакистандын премьер-министр Наваз Шариф Бээжин каржылачу 46 миллиард долларлык инфраструктура жана энергетика долбоорун талкуулашууда. Си Исламабадга 20-апрелде келген. Бээжин жана Исламабад Пакистандын түштүгүндөгү Гвадар портун Кытайдын Шинжаң провинциясы менен тутуштырган экономикалык коридор түзүүнү мерчемдешүүдө. Бул коридор Пакистандын коогалаңдуу жана эли жарды Белужистан провинциясы аркылуу өтмөкчү. Си Цзинпин визити алдында экономикалык кызматташуу Пакистандагы коопсуздук кырдаалынын оңолушуна жараша болорун, ошондуктан эки өлкө коопсуздук жаатындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурушу зарыл экенине кулак какты кылган.