Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

“Кыргызтелекомдун” президенти иштен кетүү боюнча арыз жазды


"Кыргызтелекомдун” президенти Алмазбек Кадыркулов иштен кетүү тууралуу арыз жазды. Бул жөнүндө аталган ишкананын маалымат кызматынан кабарлашты. Эми Кадыркуловдун арызын компаниянын директорлор кеңеши карап, кабыл алышы керек.

Буга чейин “Кыргызтелекомдун” үч вице-президенти өз арызы менен кызматтан кеткен.

Ал эми ишкананын директорлор кеңеши өкмөт алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жаңы президент жана вице-президенттикке талапкерлерди сунуштаганы белгилүү болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG