Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Жамбылда кырсыкка учураган унаа чек арадан бош өткөн


Жамбылда кырсыкка учураган кичи автобус кыргыз-казак чек арасынан бош өткөн. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ИИМдин Жол кайгуул кызматынын жетекчи орун басары Иманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, чек арадагы текшерүү учурунда машинанын ичинде айдоочулардан башка бир да жүргүнчү болгон эмес.

Оштон чыгып Орусиянын Екатеринбург шаарына жөнөп бараткан кичи автобус 19-апрелде Жамбыл шаарында кырсыкка учурап, ичиндегилердин дээрлик баары тирүүлөй күйүп кеткен. Териштирүү учурунда жүк ташуучу бул унаа кийин 7ден көп эмес жүргүнчү ташуучу кылып өзгөртүлгөнү, бирок айнек терезеси жок бойдон киши ташып жүргөнү, каргашалуу күнү ичинде эки айдоочудан тышкары 17 жүргүнчү, арасында балдар баратканы аныкталган.

Астынан чыккан "Газель" унаасы менен коюшканда кичи автобустун ичиндеги 19 адамдын 15и мерт кеткен. Төртөө азыр ооруканада.

Каза тапкандардын баары кыргызстандыктар, бешөө бир үй-бүлөдөн болчу.

Адистердин айтымында, чек арадан бош өтүп, бирок кийин ичине мигранттарды жашырынып салып Орусияга ташыгандар көбөйүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG