Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Канжар Кадыралиевдин үстүнөн дагы эки адам арызданды


Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин үстүнөн Башкы прокуратурага Өзгөн районунун эки тургуну арыз менен кайрылды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, арыз жазгандардын бири Өзгөндүн Жалпак-Таш айылынын тургуну Ширинкан Токтоболотова 2013-жылы эки жылкы жоготконун, кийин алар Канжар Кадыралиевдин үйүнөн табылганын, бирок жылкыны кайтарып бербестен ал уулу жана күйөөсүн ур-токмокко алганын айтып даттанган. Токтоболотова буга чейин райондук милицияга бир нече жолу арыз жазып, андан майнап чыкпай келатканын айтууда.

Ал эми экинчи арыз ээси Куршаб айылынын тургуну Балтабай Жээнбеков Канжар Кадыралиев бир нече баш коюн тартып алып, өзүн ур-токмокко алганын жазган.

Арыз ээлери Кадыралиевди жоопко тартууну суранууда.

Башкы прокуратура буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик боюнча кылмыш иш козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Мындан кийин Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин сыртынан чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделип жаткан.

26-мартта Кадыралиев өз эрки менен прокуратурага келген. 10-апрелде Бишкек шаардык соту аны үй камакка чыгаруу чечимин чыгарган. Буга каршы прокуратура доо арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. Арыз 22-апрелде каралат. (BkA)

XS
SM
MD
LG