Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:08

ИИМ мыйзамсыз паспорттор маселесин көтөрдү


Кыргызстанда мыйзамсыз жасалган алты миң даана паспорт боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнө кылмыш иш козголду. Бул тууралуу парламент комитетинде сүйлөп жатып ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз даярдалган паспорттордун саны 30 миңге чейин жетиши мүмкүн. Мындай паспорт менен чек арадан өтүп бараткан бир нече жаран кармалган. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги көзөмөлдү күчөткөнүн Турганбаев кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстандын паспорту мыйзамсыз берилгени боюнча бир нече чуу чыккан.

Кыргыз паспортун бозгундагы казак оппозиционери Мухтар Аблязов, "кылмыш дүйнөсүнүн лөгү" деген грузиялык жаран Роман Барбакадзе алып жүргөнү аныкталган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG