Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Мухаммед Мурси 20 жылга кесилди


Египеттин мурдагы президенти Мухаммед Мурси сот залында. Октябрь, 2015-жыл.
Египеттин мурдагы президенти Мухаммед Мурси сот залында. Октябрь, 2015-жыл.

Каирдин соту 21-апрелде чыгарган өкүмү менен Египеттин экс-президенти Мухаммед Мурсини жана “Мусулман агайындар” кыймылынын 12 лидерин 20 жылга эркинен ажыратты.

Мурсиге жана «Мусулман агайындар» кыймылынын мүчөлөрүнө 2012-жылдын декабрь айында президенттин сарайынын алдына чыккан оппозициячыл демонстранттарды өлтүрүүгө шыкакчы болгон деген айып тагылды. Анда Мурсинин тарапкерлери менен демонстрацияга чыккандардын ортосундагы кагылышуулардан онго жакын адам набыт кеткен.

“Мусулман агайындар” кыймылынын жетекчиси, экс-президент Мухаммед Мурси 2013-жылдын июлунда ага каршы толкундоолордон кийин бийликтен кулатылган. Андан бери Мурсинин жүздөгөн тарапкерлери абакка кесилди. Ал эми “Мусулман агайындар” кыймылы өткөн жылы өлкөдө экстремисттик уюм деп табылып, анын ишмердигине тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG