Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Путин Сибирде өрттөн жабыркагандар менен жолукту


Орусиянын президенти Владимир Путин Хакасиядагы өрттөн жабыркагандар менен жолукту. Хакасия, 21-апрель, 2015.
Орусиянын президенти Владимир Путин Хакасиядагы өрттөн жабыркагандар менен жолукту. Хакасия, 21-апрель, 2015.

Сибирдеги өрттөн набыт кеткендердин жалпы саны 34 адам, жабыркагандар 7,5 миңдей. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков бүгүн президент Владимир Путиндин катышуусунда Хакасияда өткөн жыйында билдирди. Ошондой эле ал табигый кырсыктан 1400 үй толугу менен күйүп кеткенин жана 5 миңдей адам үй-жайсыз калганын кошумчалады.

Мурдараак Путин Абакандагы үй-жайсыз калгандар убактылуу жайгаштырылган жайга барып, өрттөн жабыркагандарга биринчи жардам катары өкмөт 680 миллон рубль бөлгөнүн айтты. Ал жарактан чыккан үй-жайдын баары 1-сентябрга чейин калыбына келтирилерин убада кылды.

Хакасиядагы өрттөн кырктай кыргызстандыктын да үй-жайы күйүп кеткенин Абакандагы “Мен кыргызмын” уюмунун президенти Азиз Чериков “Азаттыкка” билдирген.

14-апрелде кургак чөп менен жалбырак күйгүзгөндөн тутанган өрт катуу шамалдан улам тез жайылып кеткен. Тилсиз жоо Сибирдин Алтай, Тыва, Забайкалье, Красноярск жана Иркутск чөлкөмдөрүн каптаган.

XS
SM
MD
LG