Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

Жамбылдагы жол кырсыгында жараат алган дагы бир адам көз жумду


Казакстандын Жамбыл облусундагы Алматы-Екатеринбург жолунда болгон автокырсыктан жараат алып ооруканага жеткирилген 22 жаштагы Рустамбек Дарбешов бүгүн эртең менен көз жумду. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ошентип бул жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктардын жалпы саны 16га жетти. Дарбешов Караганданын Приозерск шаарындагы ооруканада жаткан.

Кырсык 19-апрелде Казакстандын Жамбыл облусунда болгон. Кыргызстандыктар түшкөн “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобус Оштон Орусиянын Екатеринбург шаарына кетип бараткан. Ичинде он жети жүргүнчү жана эки айдоочу болгон.

Кырсыктан жараат алган үч адам ооруканада. Каза болгондордун бешөөнүн сөөгү бүгүн Кыргызстанга алынып келинди. (BkA)

XS
SM
MD
LG