Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:04

Ош ШИИБ: Кыргызстандан кыз ала качкан өзбек жараны кармалды

Ош шаарынын 20 жаштагы тургунун ала качып бараткан Өзбекстандын жараны Кызыл-Кыядан кармалганын бүгүн "Азаттыкка" Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Кува-Сай районунун 27 жаштагы тургуну Ош шаарында кызды никеге турууга мажбурлап ала качып баратып Кызыл-Кыядан кармалган.

Кылмышка шектүү адамга “никеге турууга мажбурлоо” беренеси боюнча иш козголуп, ал Ош шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. (YI)

XS
SM
MD
LG