Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Орусия: Абактагы оппозиционер кан тамырын тилди


Сергей Мохнаткин абакта. 25-апрель, 2012-жыл.
Сергей Мохнаткин абакта. 25-апрель, 2012-жыл.

Түрмөдө отурган орусиялык оппозиционер Сергей Мохнаткин кан тамырын тилип салды.

Кечээ күнү аны менен түрмөдө жолуккан адвокаты Денис Левиндин айтымында Мохнаткин аны азыр отурган убактылуу кармоочу жайдан Москванын сыртындагы колонияга которуусуна каршылык билдирип ушундай кадамга барган.

Адвокат учурда ачкачылык жарыялап жаткан Мохнаткин убактылуу кармоочу жайдын медициналык бөлүмүнө которулганын кабарлады.

Өткөн жылдын декабрь айында Сергей Мохнаткин 2013-жылдын соңунда Москвада өткөн нааразылык акциясында эки полиция кызматкерине кол салган деген айып менен төрт жылга кесилген.

Ал буга чейин да, 2009-жылы өктөн оппозициянын митингинде полиция кызматкерлерине кол салды делип эки жылга эркинен ажыратылган. 2012-жылы ошол кездеги президент Дмитрий Медведевдин мунапысына туш болуп бошотулган.

XS
SM
MD
LG