Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

БУУ: Ливиянын жээгиндеги кырсыктан 800 адам чөгүп кеткен


Евробиримдиктин тышкы саясатын боюнча комиссары Федерика Могерини. 21-апрель, 2015.
Евробиримдиктин тышкы саясатын боюнча комиссары Федерика Могерини. 21-апрель, 2015.

Бириккен улуттар уюмунун алдындагы Качкындар агенттиги Ливиянын жээгинде 19-апрелде оодарылган кемеден чөгүп өлгөндөрдүн саны 800гө жеткенин ырастоодо. Алар Сириянын, Эритреянын, Сомалинин, Сьерра-Леоненин жана Сенегалдын жарандары экени маалымдалды. Арасында 10-12 жаштагы өспүрүмдөр да болгон.

Уюмдун Качкындар боюнча жогорку комиссары 21-апрелде жасаган билдирүүсүндө бул маалыматтар кемеден аман калган 28 адам менен баарлашуудан кийин дайын болгонун ачыкка чыгарды..

Ал арада Италия бийликтери кеменин капитанын жана экипаж мүчөлөрүн адам өлүмүнө себепкер болду жана мыйзамсыз миграцияга катыштыгы бар деген айып менен камакка алганын кабарлады.

Евробиримдиктин тышкы саясатын боюнча комиссары Федерика Могерини бул каргаша "мыйзамсыз миграция көйгөйүнө Европанын көзүн ачты”- деп билдирди.

Дал ушул көйгөй 23-апрелде Брюсселде өтчү Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынында башкы маселе болмокчу.

XS
SM
MD
LG