Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Кыргызстанда мал-жандыктарды идентификациялоо баштала элек


Бирок азыр даярдыктар толугу менен бүткөнүн, Орусиядан келүүчү каражат гана күтүлүп жатканын Айыл, суу чарба министрлигинин ветеринария жана фитосанитария башкармалыгынын башчысы Байымбет Мураталиев журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстанда малды идентификациялоону Бажы биримдигине киргенге чейин бүтүрүү максаты коюлган эмес. Бул иш өлкөнүн биримдикке кирүү тууралуу Жол картасына ылайык жүргүзүлүүдө. Буга чейин идентификация жасоочу ишканалар арасында тендер ойнотулуп, аны француздардын «SNOE» IT-компаниясы утуп алган. Мураталиевдин маалыматы боюнча, Орусия бул үчүн 7,5 млн. доллар, Казакстан 13 млн. доллар берүүгө убада кылган. Бул каражатка тиешелүү техникалар сатылып алынып, малды идентификациялоо боюнча семинарлар өткөрүлөт. Жараянды программалоо жагын БУУнун алдындагы Азык-түлүк жана айыл чарба программасы каржыламакчы.

Кыргызстанда малды идентификациялоо демилгесин 2008-жылы каржы министри Акылбек Жапаров көтөрүп чыккан. Буга Казакстан менен Орусия өлкөдөгү эпизоотикалык абалдан улам Кыргызстандын эт-сүт азыктарын сатып алуудан баш тартканы негиз берген эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG