Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Өкмөт КТРКга орус каналынын берүүлөрүн көрсөтүүнү сунуштады


Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Коомдук телеканалга Орусиянын “Биринчи каналынын” берүүлөрүн көрсөтүүнү сунуштады. Мындай токтомду аталган министрликтин сунушу менен өкмөт 17-апрелде кабыл алганы бүгүн маалым болду.

Анда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты күчөтүү жана кыргызстандыктардын маалыматка муктаждыгын канааттандыруу максатында КТРКга “Биринчи канал” менен келишим түзүү сунушталган. Ошондой эле Каржы министрлигине "Биринчи каналга" 2014-жыл үчүн карыз болгон 36 миллион сомду бөлүп берүү тапшырмасы берилди.

“Биринчи канал” Орусиянын негизги телеканалы. Ал Орусиянын жетекчилигинин саясатын пропагандалап, маалыматты бурмалаганы үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG