Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Пакистан өкмөтү менен февраль айында сүйлөшүү өттү. Эки тарап тең бул эл аралык долбоорду тезинен ишке киргизүүгө кызыкдар экенин билдирген.
СASA-1000 Түштүк Азияда электр энергияны өткөрүү жана сатуу боюнча эл аралык долбоор. Анын Кыргызстандагы бөлүгүн аткаруу үчүн 230 миллион доллар керек.
Долбоордун ишке кириши менен Кыргызстандын электр энергиясын кымбат баада экспорттоого жаңы жол ачылат жана ал 15 жылда өзүн актайт.
Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого жол ача турган CASA-1000 долбоорунун биринчи бөлүгү 2018-жылы ишке кирери күтүлүүдө. (BkA)