Кыргызстандагы жол коопсуздугун талкуулаган жыйын өтөт. Иш-чара май айына пландалып жатканын бүгүн "Азаттыкка" "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жол кырсыктарынын дээрлик 80 пайызында айдоочу күнөөлүү болууда. Буга айдоочулук күбөлүктү окубай туруп сатып алуу, кырсыкка себепкер болгон учурда пара берип жоопкерчиликтен кутулуу сыяктуу көрүнүштөр себеп.
Статистика боюнча, соңку үч жылдан бери Кыргызстанда катталган жол кырсыктарынын саны ар жыл сайын 7 миң, алардан каза тапкандардын саны 1 миңден ашууда.
21-апрелде парламентте маалымат берип жатып вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев былтыр жолдо каза тапкандар боюнча көрсөткүч 16 пайыз кыскарганын айтты. (RK)