Экономика министринин орун басары Тимур Жакшылыков бүгүн Астанада кабарчыларга билдиргендей, “Казакстанда Евразия экономикалык союзунун алкагында орток валютаны киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ачык жана туруктуу позициясы бар".
Бул казак бийликтеринин орус президенти Владимир Путиндин Евразия экономикалык союзунда орток валютаны киргизүү боюнча олуттуу сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө өткөн айдагы сунушуна карата коомчулукка ачык айтылган алгачкы реакциясы болду.
Казакстан менен Орусия ортосунда акыркы айларда байкоочулар “соода согушу” деп атаган көрүнүштөр байкалууда.
Коопсуздукту жүйө кылып, Казакстан өткөн айда тарта Орусиянын тамак-аш продукцияларынын өлкөдө сатылышын чектеген.
Мына ушундай эле себеп менен апрелден тарта Орусияда Казакстандын сүт азыктарына, мөмө жана жашылча-жемиштерине чектөө киргизди. (UE)