Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

Франция Орусияга согуштук кеме үчүн төлөнгөн акчаны кайтарат


Орусия үчүн даярдалган "Мистраль" аскерий кемеси Францияда. 16-март, 2015-жыл.
Орусия үчүн даярдалган "Мистраль" аскерий кемеси Францияда. 16-март, 2015-жыл.

Француз президенти Франсуа Олланд бул тууралуу бүгүн Парижде, украин президенти Петро Порошенко менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин билдирди.

Олланд белгилегендей, эгер “Мистраль” согуштук кемелери Орусияга берилбесе, Франция буга чейин төлөнгөн акчаны кайтарат.

Француз президенти кошумчалагандай, ал наркы 1,3 миллиард доллардык келишимдин тагдырын орус президенти Путин менен 24-апрелде, Армениядагы жолугушууда талкууламакчы. Олланд да, Путин да Арменияга Осмон империясы тарабынан армяндар кырылганынын 100 жылдыгын белгилөөгө барышмакчы.

Франция Орусияга эки “Мистралдын” алгачкысын жөнөтүүнү Москва Крымды аннексиялаганына жана Украинанын чыгышында жикчилдерди колдоп жатканына байланыштуу былтыр күздө токтоткон.

“Мистраль” кемеси 16 тик учак, 13 танк, десанттар сууга түшүрүлүүчү төрт кайык жана 400дөн ашуун аскер салып жүрүүгө жөндөмдүү. (UE)

XS
SM
MD
LG