Борьян Йовановски куугунтуктоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыпталып келаткан партиянын лидери Никола Груевскинин өкмөтүн такай сындап келген журналист. 21-апрель күнү журналисттин үйүнө белгисиз адамдар “Акыркы салам” деген жазуусу бар гүлчамбар жиберип ийишкен. 22-апрелде анын ондогон кесиптештери өкмөт үйүнүн алдына чыгышып, каршылык көрсөтүү иретинде ошол гүлчамбарды өкмөт үйүнө коюшту.
Оппозициянын лидери Зоран Заев өкмөт башчы Груевски 20 миңден ашуун кишинин телефондорун тыңшоону буйруганын, анын ичинде журналисттер, саясатчылар жана соттор бар экенин айтып чыккан.
ЕККУ журналистке гүлчамбар жиберилишин Македонияда сын айткандардын оозун жабуу аракети деп баалады.