Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Башкы прокуратура Медакадемия боюнча иликтөөнү улантууда


Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча иликтөө уланып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин алдында түзүлгөн комиссия өз корутундусун прокуратурага өткөрүп берген. Анда абитуриенттерди Медакадемияга жана Кыргыз-Орус Славян университетине мыйзамсыз кабыл алган фактылар аныкталганы белгиленген. Башкы көзөмөл органы бул иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу жакынкы аралыкта парламентке маалымат бериле турганын кошумчалады.

Февраль айында “Апрель баатырлары” коомдук уюму Медакадемияга окууга мыйзамсыз кабыл алуу фактылары боюнча өлкө президентине кайрылуу жасаган. Активисттер баллы жетпеген абитуриенттерди Апрель окуясынын катышуучуларынын атын сатуу менен кабыл алган документтер боюнча ректор Ашыралы Зурдинов менен мурдагы билим берүү министри Канат Садыков ынандырарлык жооп бербей жатканын жүйө келтиришкен.

Кайрылууга жооп кылып президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаевага бул ишти иликтеп, чара көрүүнү тапшырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG