Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Опера ырчысы Болот Миңжылкыев эскерилет


Бүгүн Бишкектеги Опера жана балет театрында дүйнөгө таанымал опера ырчысы, СССР Эл артисти Болот Миңжылкыевдин 75 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу аталган театрдан кабарлашты. Кечеде залкар ырчы дүйнөнүн атактуу театрларында аткарган опералары кыргызстандык ырчылардын аткаруусунда жаңырмакчы.

Болот Миңжылкыев Миландагы "Ла Скала" опера театрында ырчылык чеберчилигин өркүндөткөн. Ал өзүнүн чыгармачылык жолунда дүйнөлүк опера жылдыздары, италиялык ырчылар Пиеро Каппуччилли, Жани Раймонди, болгариялык Николай Гяуров, СССРдин Чоң театрынын артисттери Ирина Богачева, Владимир Пьявко ж.б. менен ырдаган.

Быйыл залкар ырчынын арабыздан кеткенине 18 жыл болду. ТҮРКСОЙ уюму 2015-жылды түрк дүйнөсүндө Болот Миңжылкиевдин жылы деп жарыялаган. (ZA)

XS
SM
MD
LG