Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Оторбаев жарандарды “Центерра” акцияларын сатып алууга чакырды


Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, учурда Кумтөр кенин иштетүү үчүн Кыргызстанга ишенимдүү өнөктөш керек болуп турат. Ал үчүн “Центерра Голддун” акционерлери учурдагы менеджментти өзгөртүшү керек же анын акцияларын Кыргызстандын жарандары сатып алышы зарыл.

Буга чейин парламенттеги көпчүлүк коалиция Кыргызстандык ишкерлерге дүйнөлүк биржадан “Центерранын” акцияларынын 18 пайызын сатып алууну сунуштаган. Өкмөт да муну кыргызстандыктарга сунуштай турганын Оторбаев кошумчалады.

18 пайыз акция 200 миллион доллар турары айтылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG