Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11
Биздин тарых

Таластан Берлинге кеткен жол

Маткерим Рахманбердиев 1915-жылы 20-апрелде Талас облусунун Манас районуна караштуу Ак-Таш айылында туулган. Чоң-Коргон айылындагы толук эмес мектепти бүтүргөндөн кийин Чүйдөгү Айыл чарба техникумуна тапшырып, ал жерде 1940-жылга чейин билим алат. Экинчи Дүйнөлүк согуш башталган биринчи күндөн тарта анын акырына чейин фашисттик баскынчылар менен салгылашкан. Майданда Берлинге чейин барып, мекенине 1946-жылы кайтып келген. Согуш учурундагы каармандыгы үчүн бир катар сыйлыктар менен сыйланган. Ал согушта чалгынчы-фотограф болгон деген маалымат бар. Эгер тирүү болсо Рахманбердиев быйыл 20- апрелде 100 жашка чыкмак. Ал 1995-жылы 80 жаш курагында каза болгон. Согуштун катышуучусу Маткерим Рахманбердиевдин майдандагы сүрөттөрдөн турган фотоальбомун чогуу барактайлы. Аны "Азаттыктын" "Биздин тарых" долбооруна уулу Кубанычбек Рахманбердиев алып келген.

16x9 Image

Заирбек Бактыбаев

"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.

XS
SM
MD
LG