Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Кыргызстан экс-муфтийди өткөрүп берүүнү Казакстандан өтүндү


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Казакстанда кармалган мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиевди өткөрүп берүү өтүнүчү менен коңшу өлкөнүн прокуратурасына кат жөнөттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Катта Кишинев конвециясынын негизинде кылмышка шектелген адамды өткөрүп берүү талабы бар экени эскертилди.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Казакстандын аймагында убактылуу камакка алынганы тууралуу маалымат Түштүк Казакстан облустук сотунун расмий сайтында жарыяланган. Ал кыргыз УКМКсынын өтүнүчүнүн негизинде кармалганы дайын болгон. Ага карата Кыргызстанда “салык төлөөдөн качкан” деген берене боюнча кылмыш иш козголгон.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи өткөн жылдын башында Интернетте өзүнө байланыштуу чуулуу видеотасма тарап кеткендигине байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткен болчу. Анда Мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчисине түспөлдөш адамдын жаш аял менен интимдик мамилеси жашыруун тартылган. Рахматулла ажы кызматтан кетишин "президенттин атын жамынган айрым адамдардын ар кандай кысымы" менен түшүндүргөн эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG