Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Жогорку Кеңеш өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапты


Жогорку Кеңеш депутаттары өкмөттүн 2014-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты. Мындай чечимди парламент бүгүн кабыл алып, 66 депутат колдоду. Оппозициядагы “Республика” фракциясы мындай чечимге каршылыгын билдирди.

Өкмөт отчету жыйынтыкталаар менен премьер-министр Жоомарт Оторбаев отставкага кетерин жарыялады. Ал мындай чечимди демократиялык өлкөдө бир күч монополиясы болбой, алмашып турушу керек деп негиздеди.

Оторбаев былтыр апрелде “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” парламенттик коалициясы тарабынан көрсөтүлүп, дайындалган. Бул коалицияга КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциясы кирет. Эми мыйзам боюнча өкмөт курамы толугу менен отставкага кетет. (BkA)

XS
SM
MD
LG