Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:21

Oracle capital group компаниясы кийинки өкмөт менен иштешүүгө даяр


Британияда жайгашкан Oracle capital group компаниясынын өкүлдөрү Лорд Клэнвильям менен Мартин Грэхем Жоомарт Оторбаевдин кызматынан кетүүсү күтүүсүздөн болгонун “Азаттыкка” курган маегинде билдиришти. Алардын айтымында, алар 22-апрелде кызматтан кетерин бүгүн жарыялаган премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугуп, “Центерра голд” компаниясынын жетекчилигин алмаштыруу боюнча сүйлөшүшкөн.

Oracle capital group компаниясынын жетекчилери Мартин Грэхем жана Лорд Клэнвильям Жоомарт Оторбаевге марттын аягында кат жазып, анда “Центерра голддо” түзүлгөн кырдаалды жөнгөрүүнүн жолдорун сунушташкан. Каттын мазмуну ачык жарыяланган эмес болчу. Oracle capital group компаниясынын жетекчилери бүгүн “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон интервьюсунда Кыргызстандын өкмөтүнө кайрылууга “Центерранын” миноритардык акционерлери сунуш бергенин ачыкташты. Алардын айтымында, миноритардык акционерлер да “Центерра голддун” азыркы жетекчилигине нааразы. Oracle capital group компаниясынын жетекчилери ошол акционерлердин акциясы менен Кыргызстандын “Центеррадагы” 33% акциясы кошуп, “Центеррада” башкармалыкты колго алууну сунушташууда. Аны ишке ашыруу үчүн британдык адистердин колунда кеминде 18% акция болуш керектигин белгилешти өкүлдөр.(BkA;ZKo)

XS
SM
MD
LG