Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Осмон империясы тушунда кыргынга кабылган армяндар эскерилүүдө


Европарламент тарабынан 15-апрель күнү бекитилген бул күн быйыл алгачкы жолу белгиленүүдө.

Бейшембиде Арменияда 1915-жылы Осмон империясы тарабынан массалык түрүндө кырылган армяндарды ыйыктардын катарына кошуу канонизация жөрөлгөсү Ыйык Эчмиадзин чиркөөсүндө болду. Аягында жалпы улуттук бир мүнөттүк эскерүү болуп, ал 100 жолу коңгуроо кагуу менен коштолду. Мындай коңгуроолор армяндардын бардык чиркөөлөрүндө кагылды. Буга дүйнөнүн башка жерлериндеги чиркөөлөр да кошулду. Буга Түркиядагы армян патриархаты жайгашкан Стамбул кошулган жок.

Рим папасы быйыл 13-апрелде 1915-жылкы армяндардын кыргынын 20-кылымдагы адамзатка каршы кылмыш деп атаган.

1915-жылы депортация жана массалык кыргындын натыйжасында 1.5 миллионго чейин армян кырылган. Кыргын 1922-23-жылдарга чейин созулган деп айтылат.

Түркия геноцидди тааныбай келет.

XS
SM
MD
LG