Иш - чараны “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду уюштурууда. Бул фестивал экологияга жана экологиялык билим берүүгө багытталган. Анын ичинде балдарды жана жаштарды айлана-чөйрөгө этияттык менен мамиле кылуу, жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, экологиялык маданият - тазалыкты үйрөнүүгө тарбиялоо максаттары бар.
Билим берүү фестивалы эки күнгө созулат. 24-апрелде фестивал ишин Кыргыз Улуттук айыл чарба университетинде баштайт. 25-апрелде Эски аянтта уланып, Эмен паркында, балдардын Сейтек борборунда, Ала-Тоо аянтында жана бир катар театрларда өткөрүлөт.(ZKo)