Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Грэхем: “Центерранын” акцияларынын 18% ээ боло алабыз


“Центерра Голддун” учурдагы башкаруучуларын алмаштырууга анын миноритардык акционерлеринин 18% макул болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” кызматтан кеткен мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевге Кумтөр боюнча сунуш жолдогон британ адиси Мартин Грэхем билдирди. Анын айтымында, Бишкекке келерде бир катар акционерлер менен сүйлөшүүлөр өткөн:

- Канадада бул компаниянын директорлор кеңеши жакшы иштебей жатат деген доомат көп. Аны бир катар акционерлер айтып жатат. Ал эми 18% акция боюнча - ошончо акцияга ээ болобуз деген ишеним бар. Анткени биз бул жакка келер алдында миноритардык акционерлер менен бир катар сүйлөшүү өткөрдүк. Алар да компанияны көз карандысыз менеджмент башкаруусуна кызыкдар, - деди Грехэм.

Бейшембиде кызматтан кетерин жарыялаган премьер-министр Жоомарт Оторбаевге 30-мартта британиялык ишкерлер Мартин Грэхем жана Лорд Клэнвильямдан кат келген. Алар Кыргызстандын 33% акциясына “Центерранын” дагы 18% кошуп, 51% акцияга ээ болуу менен “Центерра Голддун” жетекчилигин алмаштырууну сунуштаган. Бул каттын негизинде премьер Оторбаев өз сунушун өткөн аптада парламенттин кароосуна алып чыккан.

Аталган ишкерлер 22-апрелде Бишкекке келип, өз сунуштары боюнча жолугушууларды өткөрүүдө. Алар бүгүн Жогорку Кеңеш депутаттары менен жолугары күтүлүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG