Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Бишкекте Билим фестивалы башталды


“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштурган иш-чаранын ачылышына экс-президент Роза Отунбаева, Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов, президенттин жубайы Раиса Атамбаева катышууда.

Үчүнчү жолу өтүп жаткан фестиваль экологияга жана экологиялык билим берүүгө багытталган. Максат - балдарды жана жаштарды айлана-чөйрөгө этият мамиле кылууга, жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга, экологиялык маданият, тазалыкка үйрөнүүгө тарбиялоо.

Билим берүү фестивалы эки күнгө созулат. Бүгүн алгачкы иш-чара Кыргыз улуттук айыл чарба университетинде өтүүдө. 25-апрелде Бишкектин Эски аянтында уланып, Эмен паркында, балдардын "Сейтек" борборунда, Ала-Тоо аянтында жана бир катар театрларда өткөрүлөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG