Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

Ниязов: Президенттин Эркин Мамбеталиев менен эч байланышы жок


Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, “Вечерний Бишкек” басылмасы рейдерликке айыптаган Эркин Мамбеталиевдин учурда президентке эч катышы жок. "Мамбеталиев сыяктуу Атамбаевдин жансакчылары абдан көп болгон, алар менен президент азыр байланышпайт" деди Ниязов.

Ал эми кызматтан кетүүгө арыз жазган президенттик аппараттын жетекчи орун басары Икрамжан Илмиянов, Ниязовдун белгилешинче, буга чейин да бир нече жолу жумуштан кетүү боюнча арыз жазган. Бирок аларды президент канааттандырган эмес. Ал эми бейшембиде жазган арызы боюнча чечим кабыл алына элек.

“Вечерний Бишкек” басылмасынын билдирүүсү боюнча айтып Фарид Ниязов өзү учурда УКМК жана Башкы прокуратурага көрсөтмө берип жатканын кошумчалады.

Өткөн аптада “Вечерний Бишкек” басма үйү президентке эки ирет кайрылуу жолдоп, "гезитти басып алуу аракети болуп жатканын, анын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчи орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турат" деп ачык жарыялаган.

Президент кайрылууда айтылгандарды териштирүүнү Башкы прокуратура менен атайын кызматка тапшырган болчу. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG