Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:50

Ниязов: “Вечерний Бишкек” маселеси - миллиондогон акча талашы


“Вечерний Бишкек” басылмасынын айланасындагы кырдаал саясий маселе эмес. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди. Анын айтымында, бул жерде миллиондогон акчанын талашы жүрүп жатат.

Ал эми өзүнүн дарегине айтылган айыптоолорду Ниязов негизсиз деп атап, конкреттүү фактылар жок деп ишендирди. Ал иликтөө жыйынтыгы менен бул маселе боюнча сотко кайрылышы мүмкүн, бирок отставкага кетпейт.

- Учурда иликтөө жыйынтыгын күтүп жатам. Ал аяктаган соң сотко кайрылышым мүмкүн. Бирок мага айтылган дооматтардын баары негизсиз, - деди Ниязов.

Өткөн аптада “Вечерний Бишкек” басма үйү президентке эки ирет кайрылуу жолдоп, "гезитти басып алуу аракети болуп жатканын, анын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турат" деп ачык жарыялаган. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG