Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Кыргызстанда Жеңиш парады 7-майда өтөт


Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди. Анын айтымында, 9-майда президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата салтанатка катышат. Мындан улам аскер жетекчилери Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы катары парадды Атамбаев кабыл алсын деген өтүнүч менен кайрылган. Мындан сырткары бул күнү митинг-реквием өтөрүн жана согуш ардагерлери үчүн 9-майда көптөгөн иш-чаралар өткөндүктөн парадга катышуу кыйын болот деген жүйөнү да келтирди Ниязов.

Быйыл Экинчи Дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленет. Бул күнгө карата Москвада өтчү парадга катышуудан Батыштын бир катар өлкө жетекчилери баш тарткан. Алар муну Украинанын чыгышындагы кырдаалга байланыштуу Орусиянын позициясына мамиле менен түшүндүрүп жатышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG