Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Каримов Атамбаевге рахмат айтты


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов кыргыз мамлекетинин башчысы Алмазбек Атамбаевге ыраазылык кат жолдоду. Анда өзбек лидери Атамбаевге президенттикке кайра шайланышы менен жолдогон куттуктоосуно ыраазылык билдирген.

Каримов Атамбаевге бекем ден соолук жана ишине ийгилик, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана бейпилдик каалады.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, 29-марттагы шайлоодо 77 жаштагы Каримов 90 пайыз добуш менен жеңишке ээ болуп, төртүнчү жолу президенттик тактыга отурду.

Шайлоого көз салган аз сандагы эл аралык уюмдар атаандаштык болбогонун айтып, сындап чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG