“Вечерний Бишкек” басма үйүнүн бир бөлүгүн рейдерлик жол менен басып алуу аракети болууда. Мындай пикирин “Азаттыкка” парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, басма үйүнүн айланасындагы түзүлгөн кырдаалга "кылдат баам салган адам басып алуу аракети болуп жатканын байкай алат":
- “Вечерний Бишкектин” айланасындагы чатакка Илмиянов же Ниязовдун катыштыгы бар экенин билбейм. Бирок таасирдүү адамдар аралашып жатканынан күмөнүм жок, - деди Текебаев.
Депутат кошумчалагандай, аталган адамдар тартип коргоо жана сот органдарына тымызын буйрук берип, басылмага каршы иш жүргүзүүдө.
Өткөн аптада “Вечерний Бишкек” басма үйү президентке эки ирет кайрылуу жолдоп, "гезитти басып алуу аракети болуп жатканын, анын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчи орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турат" деп ачык жарыялаган.
Президент кайрылууда айтылгандарды териштирүүнү Башкы прокуратура менен атайын кызматка тапшырган болчу.
Ал эми басылма атаган адамдар мындай дооматты четке кагып келген. Бейшембиде Икрамжан Илмиянов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.(BkA)