Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Македонияда темир жол кырсыгынан 14 мигрант набыт кетти


Балкан өлкөлөрүндөгү мигранттар
Балкан өлкөлөрүндөгү мигранттар

Македониянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кырсык Велес шаарынын аймагында болгон.

Бейшембиге караган түнү темир жол рельстери менен бараткан 14 мигрант тез ылдамдыкта бараткан поезд алдында калган.

Жергиликтүү полиция мигранттардын көбү Ооганстандан жана Сомалиден экенин, алардын жалпы саны элүүгө жакын болгонун жана сегизи кармалганын билдирди.

Балкан өлкөлөрүндө, анын ичинде Македонияда мыйзамсыз миграция көйгөйү күч. Жүздөгөн мигранттар Батыш Европага дал ушул өлкөлөр аркылуу өтөт.

XS
SM
MD
LG