Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

“Кыргызтелекомдун” директорлор кеңешин шайлоо бир ай кийинкиге калды


“Кыргызтелеком” ишканасынын директорлор кеңешине жаңы мүчөлөрүн шайлоо бир ай кийинкиге жылдырылды. Мындай чечим бүгүнкү акционерлердин жыйынында кабыл алынды. Жыйында ишкананын башкармалыгынын жана директорлор кеңешинин отчету угулуп, жаңы мүчөлөрүн шайлоо каралган. Анда Талгат Жолдошев, Мирбек Мурзабеков жана Ренат Түлөбердиевди директорлор кеңешинин курамынан чыгарып, ордуна Уран Рыскулов, Эрмек Ниязов жана Султан Дөөлөтовду шайлоо каралган. Бирок бюллетендеги айрым каталардан улам шайлоону бир айга жылдыруу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле акционерлер ишкананын башкармалыгынын жана директорлор кеңешинин 2014-жылга иши боюнча отчетту канааттандырарлык эмес деп тапты.

Жакында “Кыргызтелеком” ишканасынын президенти Алмазбек Кадыркулов баш болгон жетекчилик кызматтан кеткен. Буга жамаат ичиндеги эки тарап болуп жаатташкан пикир келишпестик себеп экени айтылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG