Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Орус оппозициясы АКШга “Немцовдун тизмесин” жөнөттү


Михаил Касьянов Борис Немцовду акыркы сапарга узатуу зыйнатында.
Михаил Касьянов Борис Немцовду акыркы сапарга узатуу зыйнатында.

Орусиядагы РПР-Парнас оппозициячыл партиясынын тең төрагасы Михаил Касьянов АКШ конгрессине сегиз адамдын фамилиясынан турган тизме жөнөттү. Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, андагы адамдардын, Борис Немцовду каралоого катыштыгы бар.

Касьянов тизмедеги фамилиялар “Магнитскийдин” тизмесине киргизилет деген үмүттө. Санкция киргизүүгө сунушталып жаткандардын арасында орус телеканалдарынын жетекчилери жана журналисттери да бар.

2012-жылы АКШда “Магнитскийдин акты” кабыл алынган. Ага ылайык, Орусиядагы адам укуктарын бузган кылмыштарга жоопкер адамдарга каршы санкциялар киргизилет. Ал салык төлөөдөн качкан деп айыпталып, камалып, түрмөдө өлгөн Hermitage Capital фондунун юристи Сергей Магнитскийдин атынан аталган.

Алгач бул тизмеге Магнитскийдин өлүмүнө катыштыгы бар адамдар кирген. Актка ылайык, тизмедегилерге каршы визалык жана экономикалык чектөөлөр киргизилет. Учурда “Магнитскийдин” тизмесинде 34 фамилия бар.

Борис Немцов “Магнитский актын” кабыл алынышын жактаган активисттердин бири болгон. 2010-жылы ал Конституцияны, адам укуктарын жана эркиндикти муунткандардын да тизмесин түзүүнү сунуштаган. Немцовдун ал тизмесинин башында Владимир Путин турган.

Борис Немцов 28-февралда Москванын борборунда өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG